• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Зардалыга бара турган жол кеңейтилүүдө – Аскат Алагөзов

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилип жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анда ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, келерки жылдын жазында Баткен облусунун Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталарын белгиледи.

“Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Учурда алыскы айылга алып барчу жол жыл сайын май-июнда ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат. Мамлекет башчысы Зардалыга үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында барып, айыл тургундарынан кабар алган. Жолугушууда жергиликтүү тургундар орчундуу көйгөй катары унаа жолун жасап берүү өтүнүчүн айтышкан. Президент Садыр Жапаров Зардалыга бара турган жолдун салынышы 2025-жылы жазында башталарын билдирген”, - деп кошумчалады Аскат Алагөзов.

Пикир

Оставить комментарий