• 87
  • 90.59
  • 0.87

Заводдогу жарылуу. Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Балыкесир провинциясындагы заводдогу жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Түркиянын Балыкесир провинциясында жарылуучу заттарды чыгаруучу заводдогу болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын тез сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий