• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Өзбек бийлиги жарандарынын чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуусуна көмөктөшөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Өзбекстандын министрлер кабинети жарандарды уюшкандыкта иш менен камсыз кылуу системасын жакшыртуу маселесин талкуулап жатат. Тиешелүү токтом долбоору Интерактивдүү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталына жарыяланды.

Документте өлкөнүн Калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы агенттик аткара турган бир катар маселелер көрсөтүлгөн. Агенттиктин иши эки аптанын ичинде бекитилет деп күтүлүүдө.

Токтом долбоорунда жаңы мекеменин негизги максаттары катары жарандардын чет өлкөлөрдө мыйзамдуу иш алып баруусуна жана алардын укуктарынын сакталышына көмөктөшүү, эмгек миграциясы боюнча башка өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери менен эл аралык деңгээлде кызматташуу, өзбек жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү иштери көрсөтүлгөн.

Долбоорго ылайык, ошондой эле жакынкы убактарда Жумушчулардын эмгегин стимулдаштыруу фондуна бөлүнчү акча дагы көбөйтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий