Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун баштапкы капиталын көбөйтүү пландалууда

Экономика 0

Ташкент, 03.05.24. /Кабар/. Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун баштапкы капиталын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.

Ал азыркы учурда фонд экономиканын ар кайсыл тармагындагы 16 долбоорду каржылап жатканын белгиледи.

"Кооперациялардын жаңы долбоорлорун түзүү үчүн фонддун уставдык капиталын көбөйтүү пландалууда", - деди ал.

Эске сала кетсек, фондду түзүү боюнча келишимге 2021-жылдын март айында Ташкентте кол коюлган. Алгач анын уставдык капиталы 50 млн долларын түзгөн, бара-бара аны 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий