• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын $200 млн көбөйтүү пландалууда

Экономика 0

Ташкент, 09.07.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту.

Элчиликтен маалымдашкандай, жолугушуусда Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 200 млн долларга көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Ошондой эле тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Тактап айтканда, транспорттук-логистикалык жана гидроэнергетика тармагында биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелер өзгөчө белгиленди. Өнөр жай кооперациясынын жана өз ара кызыкчылык туудурган башка чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча пикир алмашышты.

Тараптар жакын күндѳрдѳ өтө турган кыргыз-өзбек бизнес-форумуна даярдык көрүү жана өткөрүү, эки өлкөнүн борбор шаарларында соода үйлөрүн ачуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушу.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыктын бардык маселелерин ар тараптуу жана кылдаттык менен талкуулоо, ошондой эле учурдагы жана келечеги жаркын долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары жана Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басарынын деңгээлинде онлайн форматында жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишишти.

Эскерте кетсек, Өзбек-Кыргыз ѳнүктүрүү фонду жөнүндөгү келишимге президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган. Учурда аталган фонддун уставдык капиталы 50 млн АКШ долларын түзѳт.

Пикир

Оставить комментарий