• 87
  • 91.29
  • 0.84

Өзбек окумуштуулары коронавирустун "британ штаммын" аныктоочу тест-системанын үстүндө иштешүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин Алдыңкы технологиялар борборунун окумуштуулары COVID-19 вирусунун “британ штаммын” аныктоочу тест системаны иштеп чыгууга аракет көрүшүүдө.

Бул тууралуу инновациялык өнүгүү министринин орун басары Шахло Турдикулова Жапониянын Өзбекстандагы элчисинин милдетин аткаруучу Асуши Суда менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Турдикулова дипломатка коронавируска каршы көрүлүп жаткан иштер туурасында айтып берди. Маалыматка караганда, ушул тапта өлкөдө кытайлык Anhui ZhifeiLongcom Biopharmaceutical компаниясы иштеп чыккан вакцинанын үчүнчү фазасынын клиникалык сыноосу жүрүп жатат. Коронавирусту аныктоо үчүн окумуштуулар ПЧР тест-системаларынын үстүндө иштешүүдө. Аткаминер Өзбекстан бул тармакта Жапониянын илимий уюмдары жана компаниялары менен кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда жапон дипломаттары бул изилдөөнү ишке ашыруу үчүн кызматташууга даяр болгон жапониялык уюмдарды жана компаниялары издөөгө жардам берүүгө макулдугун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий