• 89.12
  • 95.1
  • 0.95

Өзбек-орус мамилелеринин кеңейиши Борбордук Азиядагы коопсуздукту бекемдейт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 20.10.18. /Кабар/. Өзбек-орус мамилелеринин өз ара ишеним жана бири-биринин кызыкчылыктарын принциптерине негизделген коопсуздук тармагында кеңейиши Борбордук Азиядагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча маселелерди биргеликте чечүүгө көмөктөшөт.

"УзА" маалымат агенттиги билдиргендей, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Коксарай резиденциясында ар тараптуу кызматташтыктын өнүгүү перспективаларын жана абалын талкуулашты. Эки өлкөнүн актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелерде позицияларынын окшоштугу жана жакындыгы байкалды.

Өлкө башчылары Борбордук Азиядагы өз ара пайдалуу жана эффективдүү аймактык кызматташтыктын оң өнүгүү тенденцияларын өзгөчө белгилешти. Терроризмге, экстремизмге, өзгөчө жаш чөйрөдөгү радикалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын координациясына өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Афганистандын тынчтык жолу менен калыбына келтирилишинин процесси афгандар тарабынан гана ишке ашырылышы керектигин айтышты. Россия тарап Өзбекстандын Афганистандагы тынчтык процессине көмөктөшүү боюнча маанилүү кадамдарын колдойт.

Пикир

Оставить комментарий