Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Андижан облусунда автоунаа оңдоочу жайда өрт чыгып, бир адам тирүүлөй күйүп кетти. Дагы бир кызматкер жаракат алып ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Uznews.uz порталы жазып чыкты.
Өрт 10-декабрда унаа оңдоочу жайдын газ баллонду демонтаж кылган бөлүгүндө чыккан. Аны өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү унаа тартылган.
Унаа оңдоочу жайдан имараты өрттөнүп, ичиндеги бир автоунаа кошо күйгөн.
Өрттүн чыгуу себеби – газ баллонду демонтаж кылган учурда этиятсыздык.
Пикир
Оставить комментарий