Өзбекстан Борбор Азиядагы тынчтык процесстеринин лидерлигине умтулууда

Аналитика 0

Өзбекстандын мезгили

Өзбекстандын 2016-жылдын декабрында кызматка отурган президенти Шавкат Мирзиеев өзү демилгелеген коңшу өлкөлөр менен алакаларды жакшыртуу жана жакындаштыруу боюнча саясатын ырааттуулукта, баскыч-баскычы менен ишке ашырууда. Коңшу өлкөлөрдүн жетекчилигинде тигил же бул себептерге байланыштуу Өзбекстандын мурдагы бийлиги менен мамилеси тиешелүү түрдө болбогондор тургандыгына карабастан Ш.Мирзиеев кыска убакыттын ичинде жеке мамиле түзүп, алар менен тил табышууга жетишти.

Аз убакыттын ичинде Өзбекстандын президенти Түркмөнстан жана Казакстанга барды. Андан соң Өзбекстан президенти акыркы 17 жылда келбеген Кыргызстанга сапар жасады. Муну менен катар Мирзиеев Тажикстанга карата дипломатиясын активдештирип, 2018-жылы марттын башында тарыхый сапар жасап, анын алкагында 20дан ашуун мамлекеттер аралык макулдашууларга кол коюлду.

Ш.Мирзиеевдин демилгесинин артында 2017-жылы 10-ноябрда Самаркандда коопсуздук маселелери боюнча эл аралык конференция өттү. Дал ошол жакта ал биринчи жолу Борбор Азиянын беш мамлекетинин башчыларынын туруктуу жолугушууларын өткөрүү идеясын айткан. Бул сунуш коңшу республикалардын башчылары тарабынан колдоого алынды.

Өзбекстандын расмий сапарларынын алкагында аймактын өлкөлөрү үчүн көптөгөн жылдар бою чечилбей келген маселелер боюнча олуттуу сүйлөшүүлөр жетишилген. Бул – чек ара жана чек аралык соода, суу ресурстарын биргелишип пайдалануу, жарандардын өлкө аймактарында болушу, ошондой гуманитардык жана экономикалык мүнөздөгү маселелер.

“Биргелешкен аракеттердин натыйжасында аймакта акыркы айларда саясий ишеним деңгээли кыйла өстү. Көптөгөн маселелер боюнча принципиалдуу чечим табууга жетишилди”, - деди Ш.Мирзиеев 2017-жылы Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында.

Ал ошондой эле “тынчтыктагы, экономикалык өнүккөн Борбор Азия – биздин маанилүү максат жана башкы милдет” деп кошумчалады.

Натыйжада аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү эселеп көбөйүп, өз ара мамилелердеги чыңалуу жоюлду.

Өзбек лидеринин негизги идеясын ишке ашыруунун маанилүү кадамы катары 2018-жылы мартта Казакстандын борборунда аймак башчыларынын биринчи саммити өттү. Ага Борбор Азиянын төрт өлкөсүнүн президенттери жана Түркмөнстандын парламентинин спикери келишти. Бул жолугушуу Борбор Азиянын тарыхында орчундуу окуя болуп калды. Буга чейин эле аймактын өлкөлөрүн интеграциялоо идеясы 1994-жылы Казакстандын президенти Н.Назарбаев тарабынан көтөрүлүп, өнүктүрүү үчүн чыныгы платформага ээ болду. Эксперттердин пикиринде Астана саммити БА өлкөлөрүнүн баарында биринчи кезекте өнөр жай-аграрык тармактагы терең жана чыныгы интеграциянын башталышына айланышы мүмкүн. Бул үчүн дээрлик бардык шарттар түзүлүүдө – катуу көзөмөлдөгү чек аралардын ачылып, аймак өлкөлөрүнүн өз ара соодасынын ыкчам өсүүсүнө жол ачат. Бул бардык өлкөлөрдүн экспорттук-импорттук көрсөткүчтөрүнө токтоосуз таасирин тийгизет. Ошондой эле жаңы соода базарлары ачылып жаткан товар өндүрүүчүлөргө дагы. Дал ушул ойду саммитте Өзбекстандын президенти айтып, “аймак өлкөлөрү аймактык соода-экономикалык байланыштарын тереңдетиши керектигин” белгиледи.

“Бул милдетти ишке ашыруунун маанилүү негизи биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эркин соода режимин толук кандуу камсыздоо, чек аралык сооданын, өндүрүштүк кооперациянын ыкчам өнүгүүсү, ошондой эле аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну кеңейтүү болуп саналат”, - деп белгиледи Өзбекстандын лидери.

Ш.Мирзиеевдин пикиринде бул кеңири потенциалдуу ири жана тыгыз аймактык рынокту түзүүнү шарттайт.

“Биргелешкен программаларды иштеп чыгуу үчүн, быйыл Ташкентте биринчи Аймактык экономикалык форум өткөрүүнү сунуштайбыз”,- деди Ш.Мирзиеев.

Бул анын айтымында, белгилүү бир долбоорлорду алга жылдыруу үчүн өлкөлөрдүн бизнес-коомчулуктары менен алдыңкы чет элдик инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү ыкка келтирүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Өзбекстан башчысы Түштүк Азияга чыккан Трансафган коридорун түзүүгө, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан авто унаа жан6а темир жол магистралын курууга тезинен киришүүнү сунуштаган.

Президент Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги Саммитинде россиялык өнөктөштөр сунуштаган ШКУ жолдорун өнүктүрүү Программасын макулдашууну жана кабыл алууну сунуштаган.

Ошону менен бирге Өзбекстандын лидери аймактын беш өлкөсү менен гана чектелип калган жок. Аймактын өлкөлөрү менен өз ара алакаларды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле Афганистандын Борбор Азия өлкөлөрүнүн күн тартибине киргизилишининин зарылдыгын так түшүнүү менен Ш.Мирзиеев алга жылды. Ал Афганистандын президенти Ашраф Гани менен 2018-жылдын башында жолугушууда тараптар марттын этегинде Ташкентте “Афганистан – тынч келечекке карай жол” эл аралык министрлик конференцияны өткөрүүнү макулдашканын айтты.

Ички карама-каршылыктар жана экстремисттик көрүнүштөр менен чагылдырылган Афганистан менен чектеш Өзбекстан бул жаңжалды жөнгө салуу маселесинде бир дагы жолу демилге көрсөткөн эмес. Ал арада эки жакта тең байыртадан жашоо шарттары, тиричилиги жана маданияты окшош этникалык өзбектер жашашат. Бул абалды Өзбекстан ушушл кезге чейин көңүл чордонуна алган эмес. Анын үстүнө ички афган кара-каршылыгында өзбек диаспорасы тажиктердики сыяктуу эле маанилүү роль ойногон. Афганистандын башкаруучу элитасына кирген өзбек генералы Абдул-Рашид Дустум Афганистандын түндүгүндө көзөмөлдөөдө чоң роль ойнойт. Бул фактыны эске албай коюуга болбойт. Афганистанду туруктуу жана болжоого мүмкүн болгон бийлиги бүт дүйнө үчүн пайдалуу жана биринчи кезекте жалпы чек арага ээ жакынкы коңшулары – Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан үчүн.

260 чакырым чек аранын импульсу

Афганистан менен Өзбекстандын жалпы чек арасы болгону 260 км. Бирок ошол эле учурда эң белгилүү чектеш Термез шаары чек арада жайгашкан. Бир жагынан 30 жылдан бери тынчы жок Афганистан, экинчи жагынан – туруктуу Өзбекстан.

Өзбекстандын президентинин Афганистан боюнча эл аралык конференцияны Ташкентте өткөрүү сунушу өлкөнүн учурдагы бийлиги афган жаңжалынын чечилишине колдон келген салымын кошорун көрсөтүп турат. Бул максатта Өзбекстандын бийлиги конференцияга аймактын гана өлкөлөрүн эмес, башка дагы афган жеринде маанилүү акторлорду – Россия, АКШ, Евро биримдик, БУУ Башкы Ассамблеясы, жада калса Катар мамлекети дагы чакырган. Себеби мында Афганистандын азыркы бийлиги тил табыша албай жаткан “Талибан” кыймылынын өкүлчүлүгү бар. Айрым маалыматтар боюнча конференцияда Афганистандын расмий бийлиги менен Кабул менен байланышта начар мамиле көрсөткөн талибандардын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө аракеттешүү маселелери талкууланат.

Эгерде Ташкент конференциясы ички афган карама-каршылыгын жөнгө салууга түрткү берсе, бул аймакта жаңы эл аралык жаңжалдарды жөнгө салуу борбору пайда болгонун көрсөтөт. Ал эми АКШнын расмий адамдарынын билдирүүсүндө Өзбекстан дүйнөлүк саясатта кыйла активдүү өлкөлөрдүн катарына кайра кирүүгө кадам таштады.

Иш-чарага Афганистан, Россия, Пакистан, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркия, КЭР, Сауд Арабия, БАЭ ТИМ башчылары катышуусу пландалган.

Бул иш-чаранын максаты афган маселесин чечүү боюнча эл аралык күч-аракеттерди бириктирүү болуп эсептелет.

“Афганистандагы өнөктөштөрүбүз менен биз кырдаалды талдап чыгып, Ташкенттеги жолугушуу Афганистандын каршылашкан тараптары тартылган “кабул процессинин” уландысы болот эле деген тыянакка келдик. Бул аркылуу афган маселесин чечүү боюнча эл аралык аракеттерди бириктирүүгө болот”, - деп билдирди БУУнун Коопсуздук кеңешинин Афганистан жана Борбор Азиядагы коопсуздук жана өнүктүрүү маселелери боюнча жыйынында Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.

Бул конференциянын оң натыйжасы аймакты коопсуздандырып, Борбор Азия өлкөлөрүнө Жакынкы Чыгыш жана пакистан портторуна чыгууга жол ачат. Мындан тышкары, бул Борбор Азияны бирдей максаттуу бирдиктүү аймак катары кабыл алууну шарттайт.

Казакстандын башында Борбор Азиянын бирдиктүү өнүгүүсүнө зор кызыгуу жаратып, андан соң кыйла кеңири форматка өткөн тажрыйбасы Өзбекстанды кошуп башка өлкөлөргөмаксаттарга биргелешкен аракеттер жана жалпы каалоо менен жетүүгө болорун көрсөттү. Интеграцияга лидерлик орду Борбор Азияда бош калгандыгын эске алуу менен Ташкент демилгени колуна алды. Бүгүнкү Ташкент бийлиги Борбор Азияны жаңжалдардан тышкары аймакка айлантууга зор кызыкдарлык көрсөтүүдө. Өзбекстан бара-бара Борбор Азиядагы тынч өнүгүү локомотивине айланып, ага жада калса Афганистанды да тартуусу мүмкүн.

Кубан Абдымен,

Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий