• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Өзбекстан быйыл Кыргызстанга 2,7 миң тонна өрүк экспорттогон

Экономика 0

Ташкент, 08.10.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2024-жылдын январь-август айларында Өзбекстан Кыргызстанга 2,7 миң тонна өрүк экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын статистикалык агенттиги маалымдады.

Жалпысынан Өзбекстан өткөн айларда 14 өлкөгө 62,3 млн долларга 64,8 миң тонна өрүк экспорттогон. Анын ичинде өрүктү эң көп төмөнкү өлкөлөргө экспорттогон:

  • Россияга – 51,5 миң тонна;
  • Казакстанга – 8,1 миң тонна;
  • Азербайжанга –1,5 миң тонна;
  • Белоруска –721 тонна.

"Өрүктү экспорттоонун өсүшү биринчи кезекте өзбек өрүктөрүнүн сапаты жана баасы боюнча атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү менен шартталган. Өрүктү тышкы базарга алып чыгуу боюнча маркетингдик стратегия да ийгиликтүү ишке ашырылууда", - деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Эскерте кетсек, быйылкы көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,6 млн долларга, же 15 миң тоннага көп.

Пикир

Оставить комментарий