• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстан COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн препараттар жетиштүү экенин билдирүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги 7-октябрда коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптар жетиштүү өлчөмдө бекер дары-дармек менен камсыздалганын билдирди.

Бирок жергиликтүү тургундар бекер дарылар өтө оор бейтаптарга гана берилип жатканын айтышууда.

Министрлик өлкөдө COVID-19га чалдыккан кишилерди дарылоо үчүн 24 миллион сумга (2 миллион доллардан ашык) препараттардын резерви түзүлгөнүн кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, ушул тапта коронавируска каршы 300 миң куту дары-дармек бейтапканаларга таратылды.

Бул арада соцтармактардын колдонуучулары коронавируска каршы колдонулуп жаткан препараттар дарыканаларда тартыш экенин жана баалары эки эсеге жогорулап кеткенин белгилешүүдө.

Өзбекстанда 7-октябрга карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилерин жалпы саны 59 788ди түздү. Медициналык мекемелерде 2728 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен абалы оорлордун саны канча экени айтыла элек.

Көз карандысыз булактар жана жергиликтүү интернет-басылмалар инфекция жуктуруп алгандар расмий жарыяланган сандан алда канча көп экенин айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий