• 86.2
  • 91.64
  • 0.89

Өзбекстан: дамбанын жырылышына жырткыч балыктар себеп болушу мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кырсыктын себеби катары бир нече версияны караштырууда. Бул тууралуу тергөө менен жакындан тааныш ташкенттик аткаминерлердин бири кабарлады.

Анын айтымында, версиялардын бирине ылайык, дамбанын бузулушуна суу сактагычта багылган жырткыч балыктар себеп болгон болушу мүмкүн.

Кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган жарандардын бири тергөөчүлөр андан суу сактагычтагы жырткыч балыктар, анын ичинде жаян-балыгы (сом балыгы) тууралуу сурашканын билдирүүдө.

Сардоба суу сактоо дирекциясынын өкүлү анда балык багылганын ырастап, бирок кырсыкка балыктар себеп болушу ыктымал деген версияны четке какты.

Сардоба суу сактагычынын дамбасы 1-майдын таңында жырылып кетип, Өзбекстандын жана коңшу Казакстандын бир нече районун суу каптаган. Бул аймактардан 70 миңге жакын тургун эвакуацияланып, алты киши мерт болгон.

Пикир

Оставить комментарий