• 87
  • 90.59
  • 0.86

Өзбекстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына ички документтер менен кирүүгө уруксат бермекчи

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 27.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына ички документтер аркылуу кирүүгө уруксат берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында айтты, деп билдирди өлкө башчынын маалымат кызматы.

"Туристтердин алмашуусун колдоп-кубаттоо максатында бирикмеге кирген мамлекеттердин жарандарына ички документтер аркылуу өлкөбүзгө кирүүгө уруксат берүү ниетиндебиз", - деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбек лидери өз ара сооданын алкагындагы тоскоолдуктарды иреттүүлүк менен жоюуга чакырды. Бул контекстте Өзбекстан менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы соодада тарифтик жана тарифтик эмес чектөөлөрдү колдонбоо маселесин эксперттик деңгээлде изилдөө, ошондой эле бирдиктүү бажы транзиттик системасы боюнча, бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө электрондук маалымат алмашууну тез арада киргизүү тууралуу келишимдерди кабыл алуу сунушталды.

"Биргелешкен долбоорлорду ылдамдатууга багытталган ишенимдүү каржы булактарын түзүү максатында келерки жылдын башында Евразия өнүктүрүү банкына кирүүнү пландап жатабыз", - деди Шавкат Мирзиёев.

ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин жыйынын 2025-жылдын апрель айында Ташкентте өткөрүү сунушталууда.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын сентябрынан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID карта менен өтө баштады. Шавкат Мирзиёев жакында ушундай эле тартипти Казакстан жана Тажикстан менен да киргизүү пландалып жатканын жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий