• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстан коронавирус аныктай турган тест-система иштеп чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.20./Кабар/. Өзбекстандык окумуштуулар COVID-19 вирусун аныктоочу өздөрүнүн тест-системасын иштеп чыгышты. Системаны түзүүгө бир ай убакыт кеткен. Бул тууралуу бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматында, бул эксперсс-тест эмес, атайын лабораторияларда жүргүзүлө турган толук кандуу тест экени, процедура 5-6 саатты алары айтылат.

Бул арада Өзбекстанда биринчи жолу чет өлкөгө чыкпаган жана чет өлкөдөн келгендер менен байланышпаган жаран коронавирус жуктурганы аныкталды.

"Ал ташкенттик 20 жаштагы кыз. Ал да, ата-энеси да чет өлкөгө чыккан эмес. Бирок ал вирус алып жүрүүчүлөр менен коомдук транспортто бирге болгондо же жалпыга таандык предметтерди колдонгон учурда жуктурган болушу мүмкүн. Биз анын үй-бүлөсүн да текшердик, баары таза чыкты", – деди Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Бахром Алматов.

26-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктаргандардын сан 60га жетти. Алардын ичинен 15инин өпкөсү сезгенген, төртөөнүн абалы оор.

Пикир

Оставить комментарий