• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Өзбекстан коронавируска каршы күрөшкө 700 миллион доллардан ашык каражат коротту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстан коронавируска каршы күрөшкө 721,8 миллион доллар коротту. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев видеоселектордун жыйын маалында билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, бул сумманын 221,8 миллиону Антикризистик фонддон, 500 миллион доллары жардам катары эл аралык каржы институттарынан келген каражаттан алынды.

«Коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын 66% толугу менен айыкты. Карантинге алынгандардын 83% үйлөрүнө кайтты. Азыр ооруканаларда жаткан 740 бейтапты дарылап, ден соолуктарын калыбына келтирүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат», — деди Мирзиёев.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2217 адамга жетти. Алардын ичинен 1501 киши айыгып, 10 бейтап каза болду.

Өзбекстан коронавируска каршы бир нече инфекциялык клиника курууда.

Пикир

Оставить комментарий