• 87
  • 89.68
  • 0.84

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда автобус каттамдары көбөйтүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 09.01.25. /Төлөнбай Курбанов - Кабар/. Эл аралык ташууда автобустук каттамдардын үлүшүн көбөйтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну мындан ары өнүктүрүү максатында эл аралык автобустук каттамдардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Тактап айтканда, Өзбекстандан Кыргызстан багытында Анжиян – Ош, Анжиян – Жалал-Абад, Анжиян – Арсланбоб, Касансай – Жалал-Абад, Бухара – Бишкек каттамдары жолго коюлат.

Ошондой эле Казакстанга — Бухара – Түркстан, Ургенч – Актау, Фергана – Алматы (Тажикстан аркылуу), Тажикстанга — Самарканд – Душанбе, Бухара – Душанбе, Россияга — Сурхандарья – Бухара – Ургенч – Нукус – Москва, Ургенч – Нукус – Уфа, Нукус – Краснодар, Ташкент – Уфа, Ташкент – Краснодар жана Кытайга – Нукус – Ургенч – Бухара – Үрүмчү багыттары боюнча жаңы каттамдарды уюштуруу пландаштырылууда.

"Эл аралык каттамдарда иштөөнү каалаган жүк ташуучулар сунуштары менен Транспорт министрлигине кайрылып, биргелешкен иш үчүн чет элдик өнөктөштөрдү тарта алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий