• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Өзбекстан менен Россия эмгек миграциясы жаатында кызматташтыкты кеңейтишмекчи

Дүйнө 0

Ташкент, 3-апрель /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын эмгек министри Азиз Абдухакимов башында турган делегация Москванын көп функционалдуу миграция борборуна барган учурда эмгек миграциясы жаатында кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

А.Абдухакимовдун айтымында, өзбек тарап Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Өзбекстандын жарандарынын россия мыйзамдарын сактоосуна кызыктар, ал эми салык төлөө жана россиянын экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошуу толук кандуу корголгон болуусу керек. “Биз дагы өзүбүз тараптан бул жерде алардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоого багытталган иштерди жүргүзөбүз”,-деди ал.

Москванын көп функционалдуу миграция борборунун башкы директору Николай Федосеев Москванын өкмөтү россиянын борборуна иштөө үчүн келип жатышкан жарандардын мамлекети менен кызматташууга кызыктар деп белгиледи. “Ошондуктан патент алуунун жөнөкөй жана ачык-айкын эрежеси түзүлдү. Патент алууда ортомчулар, башкача айтканда мигранттар үчүн мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүшкөндөр толугу менен жоюлду”,-деди ал.

Аталган ведомствонун маалыматына ылайык, 2016-жылы патент алгандардын жалпы санынын 50%ына жакынын Өзбекстандын жарандары түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий