Бишкек, 01.05.18. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки өлкө кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу жөнүндө макулдашууга жетишти. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
«Өзбекстанга келгениме абдан кубанычтамын, биздин тарыхый тамырлар байланыштырып турат. Экономикалык карым-катнаштын өсүшү – биздин туура жолдо бара жатканыбызды далилдөөдө. Жыйынтыктар белгилүү. Түрк ишкер адамдары Өзбекстанга умтулушууда. Өзбекстанда түрк фирмалары жана туристтери үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн», – деди Режеп Тайип Эрдоган.
2017-жылы Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 30% жогорулап, 1,5 млрд долларды түзгөн. Быйыл биринчи чейректе бул көрсөткүч 20% өскөн.
Сүйлөшүүлөр учурунда жакынкы жылдары товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга чейин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Өзбекстан Түркияга жеңил, химиялык, металлургиялык өнөр жай, машина куруу, электротехникалар, булгаары бут кийим жана айыл чарба товарларын жеткирүүгө кызыктар. Бул маселеде Стамбулда ачылган өзбек-түрк соода үйү чоң роль ойнойт.
Транспорт, байланыш жана транзит тармагында дагы кызматташууларды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Соода алакасында Баку-Тбилиси-Карс темир жолу маанилүү экени, транзит үчүн тарифтерди кайра карап чыгуу зарылдыгы баса белгиленди.
Пикир
Оставить комментарий