• 84.2
  • 93.02
  • 0.93

Өзбекстан пахта өндүрүү боюнча дүйнөдө алтынчы орунду ээледи

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Дүйнөдөгү маркетингдик изилдөө боюнча Research and Market дүкөнү дүйнөлүк пахта рыногун изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда пахта өндүрүү, керектөө, экспорттоо жана импорттоо боюнча алдыңкы жети өлкө көрсөтүлгөн.

Пахта өндүрүү боюнча рейтингде Өзбекстан 6-орунду ээлеген деп айтылат Uzreport.uz порталынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле ушул көрсөткүч боюнча лидер өлкөлөрдүн тобуна Индия, Кытай, АКШ, Бразилия, Пакистан жана Түркия кирген. Дүйнөдө пахта керектөөнүн көлөмү боюнча Өзбекстан 7-орунда турат. Устөмдүк кылган өлкөлөрдүн арасында Кытай, Индия, Пакистан, Бангладеш, Түркия жана Вьетнам бар.

Бирок Өзбекстан пахтаны экспорттоо жана импорттоочу өлкөлөрдүн алдыңкы жетинчилигине кирбей калган. Изилдөөгө ылайык, экспорттоо боюнча АКШ лидерлик кылат, анткени ал жакта текстил өнөр жайы жакшы өнүккөн. Ошондой эле рейтингде Бразилия, Индия, Австралия, Бенин, Греция жана Кот-д'Ивуар тизмеленген.

Импорттоочу өлкөлөрдүн сап башында Кытай, андан кийин Бангладеш, Вьетнам, Түркия, Пакистан, Индонезия жана Индия турат.

Пикир

Оставить комментарий