Өзбекстан Россияда оор абалга кабылган 17 жаранын мекенине алып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Өзбекстан Эл аралык миграция уюму менен биргеликте Россияда оор абалга кабылган 17 жаранын чартердик каттам менен мекенине жеткирди.

Өзбекстандын тышкы миграция боюнча агенттигинин маалыматына караганда, өзбекстандыктардын бирөө Екатеринбургдан, экөө Казандан, экөө Москвадан, бешөө Башкортостандан жана жетөө Санкт-Петербургдан келди. Алардын көбүн кош бойлуу келиндер, оорулуу жана багар-көрөрү жок жарандар түзөт.

Буга чейин Москвадан 15, Санкт-Петербургдан 7 жана Абхазиядан 299 өзбекстандык чартердик каттамдар менен мекенине жеткирилгени кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий