Ташкент, 22.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстан текстиль жана трикотаждын экспортунун көлөмүн олуттуу түрдө көбөйтүп, аны 2028-жылга чейин 7 млрд долларга жеткирүүгө ниеттенүүдө. Бул максат президент Шавкат Мирзиёевдин текстиль тармагындагы кайра иштетүү кубаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган жарлыгында бекитилген.
Жарлыкка ылайык, негизги максаттарга экспорттун көлөмүн 2025-жылга чейин 4 млрд долларга, 2026-жылга чейин 5 млрд долларга жана 2027-жылга чейин 7 млрд долларга жеткирүү кирет. Ошол эле учурда АКШ жана Европа рынокторуна 500 млн долларлык даяр продукцияны жеткирүү пландалууда.
Экспорттун жалпы көлөмүндө даяр тигүү жана трикотаж буюмдарынын үлүшүн 70 пайызга чейин жеткирүү маанилүү багыт болуп саналат. Муну жүзөгө ашыруу үчүн алдыңкы технологиялар, заманбап дизайн чечимдери жана эл аралык бренддерди тартуу белгиленген.
Текстиль өнөр жайын колдоо максатында жипти тереңдетип иштетүүгө багытталган 5 млрд доллар чет элдик инвестицияны жана кредиттерди тартуу пландалууда.
Документте дүйнөлүк базарларга чыгууга өзгөчө көңүл бурулат. Made in Uzbekistan программасынын алкагында Соода-өнөр жай палатасы адистерди онлайн платформалар менен иштөөгө үйрөтөт жана улуттук бренддерди түзүүгө колдоо көрсөтөт. Программаны ишке ашыруу үчүн Сооданы өнүктүрүү фондунан 2 млн доллар бөлүнгөн.
Бул иштердин алкагында Наманган облусунда атайын текстиль өнөр жай аймагы түзүлөт. Ал жогорку сапаттагы кийимдерди жана үй буюм-тайымдарын иштеп чыгаруучу борборго айланат. Аймактын резиденттерине салык, бажы жана валюталык жеңилдиктер берилет.
Тармакта каржылоону жакшыртуу үчүн Сооданы өнүктүрүү компаниясында факторингдик уюм түзүлөт. Ага жылына 4 пайыз менен беш жылдык мөөнөткө 100 млн доллар бөлүнөт. Бул каражат факторинг жана лизинг кызматтарын көрсөтүүгө жумшалат.
Байкоочулардын баамында, бул иш-чаралар текстиль тармагын өнүктүрүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүгүн чыңдоого жана Өзбекстандын продукциясынын дүйнөлүк базарда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Өзбекстандын текстиль экспорту 2,87 млрд долларды түзгөн, бул өлкөнүн жалпы экспортунун 10,6 пайызына барабар. Бирок, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөм 6,7 пайызга азайган.
Пикир
Оставить комментарий