• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Өзбекстан валюта тартыштыгын жөнгө салуу үчүн АКШдан доллар алып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда накталай акча тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу Өзбекстан Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов билдирди.

Анын айтымында, Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде өлкөгө 200 миллион доллар келди.

Төрага коммерциялык банктар чет өлкөлүк валюта үчүн апрелге чейин кайрылышпаганын кошумчалады. Чиновник доллар сатууну чектөө менен банктар өз ишин тийиштүү деңгээлде уюштура албагандыктарын көрсөтүштү деп эсептейт.

Мамаризо Нурмуратов 5-майда дагы 400 миллион доллар жеткирилерин айтты. “Биз банктардан алдын ала сурайбыз, алардын буюртмасына жараша доллар алып келебиз”, - дейт ал.

Өзбекстанда өткөн аптада доллардын курсу кескин жогорулап кеткен. Борбордук банк сумдун арзандашын экспорттун, акча которуулардын көлөмүнүн төмөндөшү менен түшүндүргөн.

Пикир

Оставить комментарий