Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. Өзбекстанда «Нооруз» майрамына чейин 100 миң сумдук жаңы банкнот пайда болот. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 28-декабрда кол койгон.
Маалыматка караганда, жаңы банкноттун алгачкы сериясы басылып чыгып, өлкө жетекчилигине тааныштырылды.
Учурда Өзбекстанда колдонуудагы эң чоң банкнот 50 миң сум. Ал жүгүртүүгө 2017-жылы августта киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий