• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Өзбекстанда 25-апрелден тартып бир катар ишканалар иштеп баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Өзбекстандын антикризистик комиссиясы президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен 25-апрелден тартып ишкердиктин айрым түрлөрүнө ишин жандандырууга уруксат берди.

Алардын ичинде курулуш материалдарын, автоунаа тетиктерин саткан жайлар, соода түйүндөрү, коммерциялык банктар, нотариус жана камсыздандыруу компаниялары бар. Андан тышкары коронавируска байланыштуу токтотулган инвестициялык долбоорлор менен социалдык объектилерди курулуш иши да жандандырылат.

Адамдар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, социалдык аралыкты так сакташы керек.

Өзбекстанда COVID-19 вирусу 1869 кишиден табылды. Бул оорудан сегиз адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий