Бишкек, 18.02.21./Кабар/. Өзбекстандын Жизак облусунда үч киши үй шартында даярдалган консерваланган помидорго ууланды. Жабыркагандардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Алардын ичинен 26 жаштагы келин каза болду.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, келинди ооруканага алып келишкенде эле шайы кетип, сүйлөй албай калган. Анын күйөөсү жана кайнатасы да ооруканага жактырылган.
Маркум уулангандан кийин бир жарым сутка дарыгерлерге кайрылган эмес.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Самаркандда да консерваланган азыкка беш киши ууланганын, алардын бири кийин ооруканада кайтыш болгонун жазышкан.
Пикир
Оставить комментарий