• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстанда дээрлик 7 кг салмактагы ымыркай төрөлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Ташкент облусунун Нурафшон шаарындагы төрөт үйүндө 6 кг 865 грамм салмактагы эркек бала төрөлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын облустук саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Дарыгерлердин айтымында, наристенин абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Ымыркай кесарево жолу менен жарыкка келген. Учурда эне-бала дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал, үй-бүлөнүн экинчи баласы.

Белгилей кетсек, мындай чоң салмактагы наристенин жарык дүйнөгө келиши Ташкент облусунда алгачкы ирет катталды.

Эске салсак, 2022-жылдын апрель айында Сырдарыя облустук медициналык бирикмесинин төрөт комплексинде жети килограмм салмактагы кыз төрөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий