• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Өзбекстанда абактагылардын китеп окуганы үчүн жаза мөөнөтүн кыскартуу сунушталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 21.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда абактагылардын кайра социалдашуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында, алардын жаза мөөнөтүн китеп окуганы үчүн кыскартуу боюнча жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Олий Мажлисинин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган мыйзам долбоору соттолгондорду билим алууга, өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана пайдалуу иш-аракеттерге тартууну көздөйт. Ошондой эле бул чара кылмыштын кайталанышын азайтууга жана алардын эркиндикке чыккандан кийинки жашоосуна оң таасир берүүгө багытталган.

Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөндөй, бекитилген атайын тизмеден ар бир китепти окуп, тиешелүү сынактан ийгиликтүү өткөн соттолгондордун жаза мөөнөтү үч күнгө кыскартылат. Бирок жыл ичинде 10 китептен ашык окууга болбойт. Бул өз кезегинде абак мөөнөтүн эң көп дегенде бир айга кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.

Окууга сунушталган китептердин тизмеси республикалык Руханият жана билим берүү борбору тарабынан бекитилет. Бул демилге соттолгондорду билим берүү жана тарбиялоо багытындагы мамлекеттик программалар менен шайкеш иштөөгө түрткү берет.

Бул сыяктуу демилгелер дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да ишке ашырылууда. Мисалы, Бразилияда бекитилген тизмеден ар бир китепти окуган соттолгон адамдын жаза мөөнөтү 4 күнгө кыскарса, жыл ичинде эң көп дегенде 48 күн кыскартууга уруксат берилет. Казакстанда 2021-жылдан тартып Караганда облусунда абактагылар китеп окуп, комиссияга өз ойлорун билдирип, эссе жазышат. Бул алардын жаза мөөнөтүн жеңилдетүүгө жана шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. 2024-жылдын сентябрында Россияда да ушул сыяктуу мыйзамдык түзөтүүлөр киргизүү сунушталган.

Адистер бул мыйзам долбоорун реабилитациянын инновациялык ыкмасы катары баалашууда. Китеп окуу соттолгондорго келечегин өзгөртүүгө жардам берет деген үмүт бар. Бирок, бул демилгенин чыныгы натыйжалары келечекте билинет. Ошентсе да Өзбекстанда бул маселе коомчулукта кеңири талкууланып, колдоого ээ болууда.

Пикир

Оставить комментарий