• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Өзбекстанда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-май күнү саат 22:16да Өзбекистандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылында, Ала-Бука районунун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон айылдарында 4 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарында жана Аксы районунун Кербен, Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий