• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Өзбекстанда этникалык кыргыз мугалими "Достук" ордени менен сыйланды

Коом 0

Ташкент, 01.10.24. /Тѳлѳнбай КурбановКабар/. Ѳзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевтин 1-октябрь – Мугалимдердин жана тарбиячылардын күнүнө карата кабыл алган жарлыгына ылайык, Анжиян облусунун Ходжаабад районундагы 10-жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класс мугалими Айсуу Тойчубаева "Достук" орденине татыктуу болду.

А.Топчубаевага бул сыйлык мамлекетте билим берүү системасын өнүктүрүүгө, тармактагы реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууга, улуттук жана алдыңкы чет элдик тажрыйбаларды, инновациялык педагогикалык жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды окуу процессине кеңири киргизүүгө, ошондой эле дени сак жана жетилген муундарды тарбиялоодогу зор салымы, балдарды Мекенди сүйүү жана патриоттук духунда тарбиялоодогу, жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоодогу, коомдук турмушка активдүү катышуудагы үлгүлүү эмгеги үчүн ыйгарылды.

А.Топчубаева 1991-жылы Ош педагогикалык техникумун, 2003-жылы ОшМУнун педагогикалык факультетин аяктаган. Билим берүү тармагындагы эмгек стажы 32 жыл, 2005-2021-жылдары 1-даражадагы, 2022-жылдан баштап жогорку даражадагы мугалим болуп эмгектенип келет.

Дасыккан педагог Ѳзбекстандагы кыргыз класстары үчүн жаратылган бир канча окуу китептери жана окуу-методикалык колдонмолордун автору. Ошондой эле ал башталгыч жана жогорку класстардын кээ бир окуу китептерин өзбек тилинен кыргыз тилине которгон.

Замандашыбыз учурда Анжиян мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин мугалимдери менен чогуу кыргыз тилиндеги окуу китептерин жаратууга автор жана эксперт катары жигердүү катышып келет.

Мындан тышкары, А.Топчубаева 1996-жылдан бери Анжиян облусунун Кыргыз улуттук маданий борборунун активисттерине, жаш муундун маданий-руханий өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда Мугалимдер жана тарбиячылар күнү 1997-жылы улуттук майрам катары жарыяланган негизделген, жыл сайын 1-октябрда белгиленет жана эс алуу күнү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий