• 84.2
  • 92.98
  • 0.92

Өзбекстанда ишкерлерди кыйноого алган төрт милиция кызматкери сурак берүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Өзбекстандын Анжиян облустук ички иштер башкармалыгынын кеминде төрт кызматкери кармалып, Улуттук коопсуздук кызматында сурак берүүдө. Бул маалыматты 14-январда облустун ички иштер органдарындагы өз булактар ырасташты.

Жергиликтүү ишкерлердин бири учурда бизнесмендерди кыйноого алуу айыбы менен кармалган төрт милиция кызматкери камакта экенин билдирди.

«Ички иштер башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Туланбой (Раззаков) кызматынан алынып, ага каршы кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн төрт кызматкери – Хумоюн, Одил, Ботир жана Шукур – Улуттук коопсуздук кызматынын жертөлөсүндө жатышат. Алар акыркы беш жылдан бери ИИБни мафияга айлантышкан. Ийгиликтүү ишкерлерди 15 суткага камап, бизнесин башка адамдарга өткөрүп берүүсүн талап кылып келишкен. Бул талапка макул болбогондорго каршы оор экономикалык кылмыштар боюнча иш козгоп, камап турушкан», — деди ишкер.

Анын айтымында, буга чейин облустук милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштеринен жабыркаган жергиликтүү ишкерлердин 150гө жакын тууганы прокуратурага арызданышкан.

Пикир

Оставить комментарий