• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Өзбекстандын калкынын саны 37,3 миллиондон ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Өзбекстандын калкынын саны 37,3 миллиондон ашты. Мындай маалымат Өзбекстандын президентине караштуу Статистика агенттигинин сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, 1-октябрга карата өлкөдө туруктуу жашаган калктын саны 37 миллион 355 миң 356 адамды түзгөн.

Болжолдуу эсептерге таянсак, 2030-жылга чейин Өзбекстанда калктын саны 41 миллиондон ашат.

Маалымат үчүн: Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен калктын саны боюнча Өзбекстан биринчи орунда турат. Ал эми 2-орунда Казакстан туруп, калкынын саны 20 миллионго жакындап калды. Ошондой эле Тажикстандын элинин саны 10 миллиондон ашса, Түркмөнстанда алты миллиондон көп.

Пикир

Оставить комментарий