• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 16,4 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 16 миң 429 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 533учур катталган. Ал эми 472 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады.

Ошондой эле Өзбекстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу 13-июлдан тартып 1-августка чейин жаңы чектөөлөрдү киргизди. Дем алыш күндөрү транспорттук каражаттардын, анын ичинде таксилердин жүрүшүнө тыюу салынды. Жашы 65тен жогору кишилер обочолонуусу зарыл.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия 13-июлдан тартып ички аба жана темир жол каттамдары токтой турганын билдирген. Поезд үчүн алдын ала билет сатып алгандардын акчасы кайтарылат, авиабилеттерди болсо кийин, жыл ичинде колдонсо болот.

Өлкө боюнча 13-июлдан тартып чач тарачтар жана сулуулук салондору жабылды.

Учурда өлкөдө 16 миң 429 адам илдет жуктурса, анын 9 миң 127си айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 83 бейтап каза болду. 7 миң 218 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 72синин абалы оор болсо, 21инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий