Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 1836га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.
Өзбекстанда сутка ичинде COVID-19 жуктурган 58 жаңы учур катталды. Илдеттен 58 жаран айыгып, реаблитациялык борборго которулган. Ал эми коронавирусту жуктурган бир аял каза болду.
"Өлкөдө карантин 10-майга чейин узартылган. Бирок 25-апрелде айрым ишканалардын иштөөсүнө уруксат бериле баштады", - деп айтылат маалыматта.
Өзбекстанда илдеттен жалпы 631 жаран айыккан, каза болгондордун саны сегизди түзөт.
Пикир
Оставить комментарий