• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 762 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 762 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 21 учур катталган. Ал эми 34 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган. Коронавирус жуктурган 1 бейтап каза болду.

"Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 2 миң 762 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 247си айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 12 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий