Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 41ге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Жаңы жуктурган учурлар карантинде жаткан 4 адамдан аныкталган.
Азыркы убакта Өзбекстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 41 ге жетти.
Белгилей кетсек, Өзбекстанда 15-мартта алгачкы учур катталгандыгы белгилүү болгон.
Пикир
Оставить комментарий