Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 61 миң 859 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 329 жаңы учур катталды. Ал эми 694 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.
Өзбекстанда коронавирустан жалпы 58 миң 763 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 510 бейтап каза болду. 2 миң 584 бейтап ооруканаларда дарыланууда.
Пикир
Оставить комментарий