Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 833кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жекшемби күнгө карата Өзбекстанда илдетти жуктуруп алган жаңы 66 учур катталды. COVID-19 вирусунан 42 адам айыкса, каза болгондордун саны төрттү түзөт.
Коронавирус Өзбекстанда алгач 15-мартта аныкталган.
Пикир
Оставить комментарий