Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү маселеси талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков менен Өзбекстанда өтө турган маданият күндөрүн талкуулады.

Ведомстводон маалымдашкандай, Алтынбек Максутов алгач жогорку деңгээлде уюштурулуп өтүп жаткан II Эл аралык маком искусствосу Форумуна чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул Форум искусствону жан-дили менен сүйгөн чыгармачыл адамдардын улуу майрамы экенин жана маком дүйнө жүзүндөгү искусство сүйүүчүлөргө ар дайым күч-кубаттын, шыктануунун түгөнгүс булагы болорун белгиледи.

​Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрүү жана өтүүчү жерлердеги деталдуу иш пландары талкууланды.

​Иш-чаралар Ташкент шаарында жана борбордун Көгүлтүр куполдор паркында, Каракалпакстандын Нукус шаарында жана Өзбекстандын башка региондорунда өткөрүү пландалды.

​Ошону менен бирге Ташкентте жана башка шаарларында Кыргыз кино күндөрүн да өткөрүп, кыргыз кинолорун кеңири жайылтуу жана көрүүчүлөрдү тасмалар менен тааныштыруу жөнүндө макулдашты.

​Алтынбек Максутов учурда "Однажды в Самарканде" биргелешкен тасмасы тартылып жаткандыгын белгилеп, мындай долбоорлордун санын арттыруу жана сапатына көңүл буруу менен эки элдин биримдигин, достугун бекемдөөгө чоң өбөлгө болорун кошумчалады.

​Жыйынтыгында кыргыз-өзбек кызматташуусун мындан дагы тереңдетип, көптөгөн китеп, музей, көркөм өнөр көргөзмөлөрүн уюштуруп жана чыгармачыл жамаатардын биргелешкен, концерттерин өткөрүү макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий