Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Күн мурун маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен жолугушуп, июль айында мерчемделип жаткан Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анда маданият күндөрүнүн программалары, Кыргызстан тараптан сунушталган маданий иш-чаралардын жана өтүүчү локациялардын долбоору жана Өзбекстандын бир катар шаарларында жана аймактарында жогорку деңгээлде өткөрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий