• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Өзбекстанда Кыргызстандын Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Коом 0

Ташкент, 23.09.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент облусунун Бөкө районундагы №34 кыргыз орто мектебинде Кыргызстандын Мамлекеттик тил күнүнө карата маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мектептин директору Амангелди Ахмедов билдирди.

Иш-чаранын алкагында кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча "Манас эпосу – кыргыздын руханий байлыгы" аттуу ачык сабак өткѳрүлүп, окуучулар эпостон үзүндү айтып беришти.

Ошондой эле мугалимдер жана окуучулар тарабынан уюштурулган чакан концерттик программада кыргыз ыр-күүлөрү жаңырып, катышуучулардын маанайын кѳтѳрдү.

Эскерте кетсек, бул мектеп Ташкент облусундагы алдынкы мектептерден бири болуп эсептелет. 2023-2024 окуу жылында 9-класстын окуучусу Садыкбаева Дильноза Бакыт кызы немис тилинен Ташкент облусу боюнча олимпиадада биринчи орунду ээлеген. Мектептин "Калкан" командасы жылына Бөкө райондук аскердик-мекенчилдик спорт оюндарынын жеңүүчүсү болуп, Ташкент облустук баскычында окуучулар экинчи орунду ээлешти.

Быйылкы 11-класстын 49 бүтүрүүчүлѳрүнѳн 20 окуучу Өзбекстандагы мамлекеттик жогорку окуу жайларына окууга киришти. Алардын бешөөсү Ташкент медициналык академиясына ѳттү.

Мектептин директору Амангелди Ахмедов И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филология факультетин бүткөн, кыргыз тили жана адабияты боюнча сабак берип келет, эл агартуунун отличниги.

Пикир

Оставить комментарий