• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.10.24. /Кабар/. Бүгүн Өзбекстанда мыйзам чыгаруу палатасына кезектеги шайлоо өтүүдө. Шайлоо тилкелери кечки саат 20:00гө чейин ачык болот.

Өзбекстан көз карандысыздыкка жетишкенден бери парламенттик шайлоо жетинчи ирет өткөрүлүүдө.

Эки палаталуу парламент 2005-жылы түзүлгөн. Биринчи жолу парламент беш жылдык мөөнөткө шайланууда: 150 орундун ичинен төмөнкү палатага 75 депутат бир мандаттуу округдардан, калган 75и саясий партиялар аркылуу шайланып келет.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, 5 саясий партия шайлоого катышууда. Алардан 375 депутат бир мандаттуу округдардан, 500 талапкер партиянын тизмеси менен катталган. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 25-октябрда аяктаган.

Өзбекстандын Боршайкомунан билдиришкендей, 11 шайлоо тилкеси ачылды. 56сы 39 мамлекетте, анын ичинде Кыргызстанда да ачылды.

Бирдиктүү шайлоо тизмесине 20 млн шайлоочу киргизилди. Саясий өнөктүккө миңден ашык эл аралык жана 20дай ар түрдүү уюмдардан байкоочулар көз салууда.

Шайлоонун жүрүшүн миңден ашык жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер чагылдырууда.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары 28-октябрда маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий