• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Өзбекстанда рак оорусуна чалдыккан аялдар эми бекер дарыланат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Скринингдин жыйынтыгында рак илдети аныкталган бейтаптарды дарылоого кеткен чыгымдар бюджеттик каражаттардын эсебинен жабылат. Мындай чаралар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон “Аялдар арасында онкологиялык ооруларга мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгында каралган.

Документке ылайык, медицинанын баштапкы деңгээлинде 30-65 жаштагы аялдардын электрондук маалымат базасы түзүлүп, аларды медициналык текшерүүгө чакыруу системасы иштелип чыгат.

Тактап айтканда, 2025-жылдын 1-январынан тарта маммографиялык сүрөттөрдү окуу борборун жана тест-системалардын сапатын контролдоо боюнча референттик лабораторияны түзүү пландалууда. 2025-жылдын 1-майына карата жатын моюнчасынын рагын скринингдин сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү жана эмчек рагын эрте аныктоо системасы иштелип чыгат. Ошондой эле скринингдик программага киргизилген аялдарга кайра кайрылуу системасы киргизилет.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда акыркы 3 жылда эмчек рагына чалдыккандар көбөйүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, 2019-жылы 3 718 учур катталса, 2022-жылы 4 164 жаңы учур (өсүү 12%) катталган. Башка рак түрлөрүнө караганда өлүмдүн деңгээли жогору (5,0/100 миң).

Өлкөдө аялдардын оорусу жана өлүмү боюнча эмчек рагы биринчи, жатын моюнчасынын рагы экинчи орунда турат. 2022-жылы жатын моюнчасынын инвазивдик рагынын 1 851 жаңы учуру аныкталып, 969 өлүм катталган.

Пикир

Оставить комментарий