• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Өзбекстанда расмий каттоодон өтпөгөн түгөйлөргө нике кыйган имамдар соттолушу мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Өзбекстанда мамлекеттик мекемелерде каттоодон өтпөгөн түгөйлөргө нике кыйгандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү каралууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Самарканд облусунун акиминин орун басары, облустук аялдар комитетинин башчысы Гавхар Алимова билдиргендей, учурда өлкөдө тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Ага ылайык, ЗАГС документтери (жарандык абалды каттоо актылары) жок түгөйлөргө нике кыйган имамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча быйыл өлкө боюнча шарият мыйзамдары менен жашап жүргөн 33 миң түгөй расмий түрдө никеге турган.

Пикир

Оставить комментарий