• 87
  • 90.55
  • 0.84

Өзбекстанда сентябрда сасык тумоого жана пневмонияга каршы жапырт эмдөө болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү штабынын мүчөсү, эпидемиолог Рустам Икрамов сасык тумоого жана пневмонияга каршы калкты жапырт эмдөө сентябрда башталарын билдирди.

Аткаминердин айтымында, коронавирус эпидемиясына байланыштуу күзүндө респиратордук оорулар оор өтүшү мүмкүн. Мындан улам өкмөт жапырт эмдөө жараянына даярдык көрүүдө.

«Сасык тумоо менен пневмонияны козгой турган вирустук оорулар коронавирус менен биргеликте вирусту күчөтүп, ал оор өтүшү ыктымал. Албетте, эл дүрбөлөңгө түшпөй эле койсо болот. Ушул тапта мамлекеттик деңгээлде сасык тумоо жана пневмонияга каршы эмдөө жүргүзүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Вакциналарды четтен сатып алуу жана эмдөө жайларын уюштуруу чаралары иштелип чыкты», - деди Рустам Икрамов.

Өзбекстанда 19-августта коронавирус жуктурган кишилердин жалпы саны 36 760га жетип, 32 223 бейтап айыкты, 243 адам кайтыш болду. Бейрасмий булактар бул сандар чын-чынында алда канча көп экенин билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий