• 87
  • 90.63
  • 0.79

Өзбекстанда темир жол тармагы жана вокзалдар жеке менчикке өткөрүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 02.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда темир жол тармагына тиешелүү объекттер жана жер тилкелери, анын ичинде станциялар жана кыймылдуу курам мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк (МЖӨ) шарттарында башкаруу, модернизациялоо жана куруу үчүн ишкерлерге берилет. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада кол койгон “Темир жол транспорту жөнүндө” мыйзамда белгиленген.

Документте объектилер концессиялык келишимдин же МЖӨнүн мөөнөтүнө ижарага, менчикке же убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүндүгү айтылат. Жалпы пайдалануудагы эмес темир жолдордун ээлери вагондорду жана контейнерлерди өткөрүү, токтотуу, берүү жана тазалоо, ошондой эле жүк ташуу боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтө алышат. Мында тарифтер атаандаштык мыйзамынын алкагында жөнгө салынат.

Мыйзамга ылайык, жогорку ылдамдыкта жана эң жогорку ылдамдыкта жүрүүчү поезддерде жүргүнчүлөрдү ташуучулар жана жүк ташуучу вагондордун операторлору көрсөтүлгөн кызмат бааларын базар принциптери негизинде өз алдынча белгилей алышат. Кадимки жөнөкөй поезддердин тарифтери мындан ары да мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт.

Учурда темир жол транспортунун инфраструктурасы 40тан ашык министрликтер жана ведомстволор, алардын ишканалары, ошондой эле бул тармакта иштеген ишкерлерлердин карамагында.

Бул документтин көпчүлүк жоболору алты айдан кийин – 2025-жылдын 29-майынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий