• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Өзбекстанда TikTok'ко толугу менен бөгөт коюу сунушталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Өзбекстандын "Адолат" социал-демократиялык партиясы TikTok түйүнүнө толук бөгөт коюуну сунуштады. Партиянын активисттери бул демилгени "жаштарды өзбек элине жат болгон идеялардан жана көз караштардан коргоо" зарылдыгы менен түшүндүрүштү.

"Жакында болгон жагымсыз окуяны эске алып, зарыл болсо пайдасынан зыяны көп мобилдик тиркемелерди толугу менен бөгөттөп, кылмыш санкцияларын күчөтүшүбүз керек", — деп билдирди партиянын басма сөз кызматы.

Буга чейин социалдык түйүндөргө самарканддык өспүрүм көчөдө өтүп бараткан улгайган адамды бетке тепкени тартылган видео жарыяланган. Ага чейин видео өспүрүмдүн TikTok'тогу өз баракчасына жайгаштырылган.

Бир жарым ай мурда Өзбекстандын Улуттук ЖМКларды колдоо жана өнүктүрүү боюнча коомдук фондунун камкордук кеңешинин төрагасы Камил Алламжанов TikTok компаниясынын вице-президенти Тео Бертрам менен онлайн жолугушуу өткөргөнү кабарланган. Анда Алламжанов TikTok'тун өкүлдөрүнө "түйүндүн ички нормалары менен айрым процедураларын өзбек баалуулуктарына, салт-санаасына жана менталитетине адаптация кылуу боюнча сунуштарын айтканын" билдирген.

"Эгер TikTok зыяндуу болсо, аны пайдалуу ресурска айландыруу керек. Бул компаниянын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизбестен, алар менен тыгыз кызматташсак туура жана баарына тең пайдалуу болот деп ойлойм", — деген Алламжанов.

Өзбекстанда TikTok түйүнү 2021-жылдын июлунан бери жарым-жартылай бөгөттөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий