• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстанда зекет менен битир-садаганын быйылкы өлчөмү белгилүү болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва кеңеши быйылкы зекет менен битир-садаганын өлчөмүн жарыялады.

Ага ылайык, битир-садага 2 килограмм буудай (10 миң сум), 4 килограмм арпа (16 миң сум), 2 килограмм мейиз (100 миң сум) жана 4 килограмм курма (160 миң сум) деп белгиленди. Жарандар битир-садаганы мүмкүнчүлүгүнө жараша жогорудагы азыктардын биринин баасы менен берсе болот.

Мындан тышкары зекеттин өлчөмү 34 миллион сумдан кем эмес деп белгиленди. 34 миллиондон ашык байлыгы бар адам анын кырктан бир бөлүгүн зекет катары берет.

Пикир

Оставить комментарий