Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда жарандарга никеге турууда кош фамилия алууга уруксат берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик кызматтар агенттиги билдирди.
«Жаш жубайларга кош фамилия алууга уруксат берилет. Мисалы, күйөөсүнүн фамилиясы Ахмедов, аялыныкы Шухратова болсо, никени каттоодо алар эки фамилияны тең көрсөтө алышат. Тактап айтканда, күйөөсү Ахмедов-Шухратов, аялы – Ахмедова-Шухратова деген фамилия алса болот», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Буга чейин Өзбекстанда никеге турган жарандар негизги фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандап, же мурдагы фамилиясын калтыра алышчу.
Пикир
Оставить комментарий