Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын жараны А.к.М. Өзбекстандын аймагында жол кырсыгына кабылып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын элчилиги Өзбекстандын компетенттүү органдарынан алган маалыматка ылайык, 2025-жылдын 5-январында Дангара райондук ооруканасына КР жараны А.к.М. баш жана ички органдардын жаракаттары менен жаткырылган. Ошол эле күнү ага операция жасалып, учурда жалпы палатага которулган. Абалы оор деп бааланууда. Ал дарыгерлердин такай көзөмөлүндө жана дарылоосунда, жанында тууганы карап турат.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги медицина кызматкерлери жана жабырлануучунун жакындары менен дайыма байланышта экенин билдирет.
Пикир
Оставить комментарий