• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өзбекстандык этникалык кыргыз окуучу дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди

Спорт 0

Ташкент, 09.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент облусунун Ангрен шаарындагы Олимпия жана параолимпия резервдери колледжинин 9-классынын окуучусу Нурбек Орозалиев Монголияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунга ээ болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ташкент облусундагы Кыргыз улуттук маданий борборунун басма сөз кызматы билдирди.

15 жаштагы Нурбек Орозалиев Улан-Батор шаарында өткөн күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы IX дүйнө чепионатында 65 килограмм салмак категориясында мелдешке катышып, атаандашын артыкчылык менен жеңип, күмүш медалга татыды.

Ал спорт чеберлери Уткир Рузимуродов, Сирожиддин Рахмонов жана Шерзод Расуловтордун кол астында машыгып келет.

Жаш балбандын атасы Фозил Орозали уулу Ташкент облусундагы Чирчик мамлекеттик педагогика институтунун башталгыч билим таалими факультетинин деканынын орун басары, ал эми апасы медайым болуп эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий